Бүгүн 59 жашында дүйнөдөн өткөн Абдул Азиз ал-Хаким Тегерандагы ооруканада дарыланып жаткан. Ал Ирактын Жогорку Исламдык Кеңеши деп аталган кубаттуу шийи партиясын жетектеп келген болчу. Анын өлүмү Ирактагы январга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы бүдөмүк кырдаалга таасир тийгизиши ыктымал деген жоромолдор айтылууда.