Ооганстанда шайлоонун жыйынтыктары чыга баштады

Бүгүн Ооганстанда 20-августта өткөн шайлоодогу добуштардын дагы бир бөлүгүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланат. Кечээ (25-августта) Ооганстанда президенттик шайлоодогу добуштардын 10 пайыздай бөлүгүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. Борбордук Шайлоо комиссиясынын бул жыйынтыкка негизделген алдын-ала маалыматы боюнча, шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзай 41 пайыз добушка ээ болгон. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла 39 пайыз добуш алган. Шайлоонун жалпы жыйынтыгы 3-сентябрда чыгаары күтүлүүдө. Президенттикке талапкерлердин көбү шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн ырастоодо. Абдулла Абдулла Рейтер агенттигине курган маегинде, арыз-даттануулардын бардыгы текшерилип чыкмайын, шайлоонун жыйынтыктарын эч тааныбай турганын билдирди.