Бүгүн “Боинг-737” кырсыгы боюнча сот болот

14-августта Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда “Боинг” боюнча сот жараяны башталып, жабырлануучулардын жактоочусу Ирина Синельникованын материалдар менен толук таанышып чыгуу өтүнүчүнөн кийин сот иши 27-августка жылдырылган.
Авиакырсык боюнча “Боингдин” учкучтары Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин алдын ала тергөөлөргө ылайык Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча айыпталууда.
Өткөн жылы 24-августта Бишкек-Тегеран каттамы боюнча “Итек-Эйр” компаниясына таандык “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынын жанында кырсыкка учараганынан 65 адам мерт болуп, 22 адам жаракат алып ооруканада дарыланган. Учактын экипажы толугу менен аман калып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. (AJ)