ЕККУ диний сабатты жогорулатууга көмөктөшөт

Диний сабатты жана толеранттуулукту жогорулатууга арналган семинарды ЕККУ дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен чогуу өткөрүүдө. Иш-чарага негизинен Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан өкүлдөр чакырылган. Анда ЕККУга кирген өлкөлөрдүн дин эркиндигин кепилдөөчү эл аралык стандарттары жана милдеттери, Кыргызстандагы дин боюнча жаңы мыйзам, диний чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү тууралуу маселелер каралууда. Мындай иш-чаралар буга чейин өлкөнүн Баткен, Жалал-Абат, Нарын, Ош жана Талас облустарында өткөрүлгөн. Кийинкиси сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөрүлгөн соң, жыйынтыктоочу жыйын Бишкекте болот. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкек борборунун басма сөз кызматы маалымдады.

Айрым саясатчылар Кыргызстанда террорчулук агымдардын күч алышына өлкөдөгү диний сабаттын төмөндүгү себеп, деп эсептешет.(ZKo)