Аскер кызматкерлери медаль алышат

Кыргызстандын эгемен күнүнө карата аскер кызматкерлери жана Куралдуу күчтөрдүн аттестациядан өткөн кызматкерлери I жана II даражадагы “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” медаль менен сыйланышат. Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Жардыкка ылайык, I даражадагы медаль жыйырма адамга ыйгарылат, II даражадагыны 163 адам алат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)