Бесланда чабуулдун курмандыктары эскерилди

Бесланда беш жыл мурда болгон террордук чабуулдун курмандыктары эскерилди. Жүздөгөн кишилер Бесландагы №1 мектепте чогулушту. Эскерүү эртең менен саат 9-15те башталды. 2004-жылы, 1-сентябрда 9дан 15 мүнөт өткөндө 32 террорчу миңден ашуун адамды барымтага алып, аларды үч күн кармаган. Кол салуудан 330 киши набыт болгон.