Азия банкы 30 млн. доллар бөлөт

Азия банкы Ысык-Көлдүн тазалыгын камсыздоого 30 млн. доллар бөлөт. Мунун ичинен 13,5 млн. доллары грант катары, калганы жеңилдетилген насыя иретинде берилет. Бул боюнча кыргыз өкмөтү Азия банкынын жетекчилиги менен “Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Кечээ өкмөттүн мындай жарлыгынын долбоорун ЖКнын эмгек, миграция, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети колдоп берди. “Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү” долбоору Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарын жашылдандырууга, эскирген канализация жана суу түтүктөрүн алмаштырууга, таштандыларды кайра иштетүүгө багытталмакчы.(ZKo)