Нуралыктар 25-сентябрда жаңы конушка кирет

Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусуна караганда, былтыркы зилзаладан толук кыйраган айылдын жаңы курулушунун 80 пайызы бүтүп калды. Анча-мынча мүчүлүштөр бар, ал маселелер Өкмөттүн дүйшөмбү күнкү жыйынында каралып, чечилмекчи. Өкмөт башчысынын орун басары Оштогу сапарынын жүрүшүндө Чоң-Алайдагы тоо-кен комбинатын, Аравандагы цемент заводун кыдырып, андагы иш ыргагы менен да таанышып, көйгөйлөрүн тыңдады.

Бирок Нура кыштагынын айрым тургундары үйлөрдүн курулушу азыркындай темпте улантылса, жакын арада бүтпөй тургандыгын айтышууда. (ATo)