Ирак Сирия менен чегине кошумча күчтөрдү жайгаштырууда

Сирия менен чек арага миңдеген кошумча полицейлер чөлдөгү чек арадан согушкерлер Ирактын аймагына кирүүсүн алдын алуу үчүн жайгаштырылды. Ирактык генерал Тарик Юсуфтун айтымында, Сирия менен чек арада кошумча күчтөрдү жайгаштырууга премьер- министр Нури ал –Малики өзү көрсөтмө берген. Ирактын шийиттер үстөмдүк кылган азыркы өкмөтү Сириядагы сунни согушкерлерин Башдадда 19-августа жасалган жардырууларга тиешеси бардыгы үчүн айыптаган болчу. Анда эки министрликтин имараттарынын сыртында орун алган жардыруулардан 100гө жакын адам каза тапкан. Ирак өкмөтү бул чабуулду мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин Баас партиясынын жактоочуларынын көрүүдө жана өлкө аймагындагы соңку бир катар кол салууларга ал-Каидадагы сунни исламчыларынын да тиешеси бар деп эсептейт. Ирак менен Сириянын ушул маселеге байланышкан тирешүүсү элчилерин чакыртып алууга чейин алып барды.