Иракта кол салуудан кеминде 7 киши өлдү

Ирак бийлигинин маалыматына ылайык, жан кечти жардыргыч заттарга толтурулган машинасы менен полициянын текшерүү бекетин сүзүп, бери дегенде 7 киши жан таслим болду. Окуя бүгүн Рамади шаарында орун алды. Жарылуудан полициянын 3 кызматкери өлдү. Калгандары жайкын тургундар болчу. Жарадар болгон 15 кишинин үчөө жаш балдар. Рамади – суни калкы үстөмдүк кылган Анбар чөлкөмүнүн борбор калаасы. Мурда козголоңчулардын таянычы болуп келген Анбарда соңку мезгилде кырдаал салыштырмалуу тынч болуп калган.