“Ак жолдо” К. Кадыровго байланыштуу маселе каралат

Бүгүн парламенттеги “Ак жол” фракциясынын жыйыны болуп, анын күн тартибинде жыйырмага чукул маселе бар. Алардын ичинде социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровдун депутаттык кол тийбестигин алып, кылмыш жообуна тартуу боюнча Башкы прокуратуранын талабы да бар. Фракциянын жыйынында бул талапты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүшү күтүлүүдө.(AiT)