Кыргызстан газды төмөн баа менен алууну көздөйт

“Бул үчүн азыркы учурда колдон келген аракеттерди жасап, буга негиздүү аргументтерди издөөнүн үстүндөбүз,” –деп билдирди премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн журналисттерге. Анын айтуусунда ушул тапта көгүлтүр отту сатып алуу боюнча Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бул маселени кыргыз тарап үчүн ыңгайлуу чечүүгө энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлиги жана “КыргызГаз” ишканасы аракеттенип жаткандыгын кошумчалады өкмөт башчы.

Үстүбүздөгү жыл үчүн Кыргызстан Өзбекстандан көгүлтүр отту миң кубометрин 240 доллардан сатып алган. Мурдагы жылы өзбек тарап миң кубометр газга 145 доллар алган.(ZKo)