Парламентте убактылуу комиссия түзүлөт

“Ак жол” фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов ЖК комитеттери тарабынан кабыл алынган чечимде социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин иликтөөчү убактылуу комиссия түзүү иши гана тургандыгын кайталады. Анын айтуусунда “Ак жол” фракциясы 7 адамдан туруучу убактылуу комиссияга төрт өкүлүн сунуштаган.

Исхак Масалиев Коммунисттер фракциясынан депутат Хаджимурат Коркмазов комиссиянын курамына сунушталганын билдирди.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун маалыматы боюнча, фракциянын атынан комиссиянын курамына Роза Отунбаева менен Ирина Карамушкина кирет.(ZKo)