Банк башчыларынын жыйыны Ысык-Көлдө өтүүдө

10-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Кара деңиз аймагынын жана Балкан чөлкөмүнүн Борбордук банктарынын башчыларынын XXII кеңешмеси 13-сентябрда соңуна чыгат. Анда “Глобалдык экономикалык кризис шартында акча-кредиттик саясаты” темасы каралууда. Жыйынтыгында бул маселе боюнча Банк башчылары протоколго кол коюшат. (AJ)