Б.Бешимов:Үй-бүлөлүк клан диктатурасын бекемдөөдө

Бул тууралуу жазылган макаласын Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Бакыт Бешимов “Азаттыкка” жолдоду. Макалада “президент Курманбек Бакиев өзүнө жакпагандарды парламенттин колу менен сазайын бере баштады. Үй-бүлөлүк кландын диктатурасын чыңдап, бекитүү уланууда”,-деп айтылат. Ошондой эле диний экстремизм менен эч кандай күрөш болбогону, анын шылтоосу менен Ноокат окуясынын катышуучуларын катуу жазалап, өлкөдө коркутуу атмосферасы өкүм сүргөнү белгиленген. Балыкчыда шайлоонун бурмаланганына нааразылык билдиргендерди камап, аларга “күч менен Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык ташталган” делип жазыксыз айып тагылганы айтылган.

“2005-жылы К.Бакиев мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында Конституциялык түзүлүштү алдоо жана референдум жолу менен Кыргызстанга орто кылымдагы хандык бийликти орнотту. 2009-жылы 23-июлдагы президенттик шайлоону жокко чыгарып мамлекеттик бийликти узурпациялады ”,-деп жазган Бакыт Бешимов. Анын пикиринде, эми президент Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровдун сазайын бериш үчүн депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратууга парламентти мажбурлайт.

“К.Кадыров күнөөлүү эмес, тескерисинче Балыкчыдагы тынч жыйынга чыккандарды жазалагандарды жоопкерчиликке тартуу керек”,-дейт Б.Бешимов.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары болсо Бакыт Бешимовдун макаласында көрсөтүлгөндөр негизсиз экендигин, К.Бакиев өлкөнү алдыга өнүктүрүү багытында башкаруу системасын реформалоого туура багыт алгандыгын белгилешүүдө. (AJ)