Түркмөн лидери Гурбангули Бердимухаммедов менен жолугушууда энергия маселеси, атап айтканда, табигый газ чөйрөсүндөгү кызматташтык жана башка долбоорлор талкууланмакчы. "Россия Түркмөнстандын газ тармагындагы стратегиялык планын жана Россиянын андагы ордун билүүнү каалайт", - деди Дмитрий Медведевдин жардамчысы Сергей Приходько. Апрелде Россия менен Түркмөнстанды туташтырган куурда жарылуу болуп, газ ташуу үзгүлтүккө учураган. Азыр түркмөн газы Россиян кыйгап өткөн жолдор менен ташылууда.