Японияда жаңы өкмөт башчы дайындалды

Япония парламенти мурдагы оппозиция лидери Юкио Хатояманы (Yukio Hatoyama) премьер-министрликке бекитти. Ал жетектеген солчул-борборчул Демократиялык партия өткөн айда жалпы шайлоодо жеңип, консервативдүү Либерал-демократиялык партиянын дээрлик 50 жылдык башкаруусуна чекит койду. Хатояма өкмөттүн чыгымдарын азайтууга, ири бизнеске эмес, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына көбүрөөк көңүл бурууга убада кылды.