Барак анклавынын абалы начар

Өзбекстандын аймагында калып кеткен Барак анклавындагы элди өзбекстандык чек арачылар каалагандай калчоодо, деп билдирди ЖК депутаты Ибрагим Жунусов. “Жакында айылдын тургуну каза болгондо, анын уул-кыздарын топурак салууга өткөрбөй койгон”, деп белгилеген И. Жунусов анклавдын абалы менен жеринен таанышып, айылдын Кыргызстан менен карым-катышын жакшыртуу маселеси тууралуу Өзбек чек арачылары менен сүйлөшүү үчүн депутаттык топ түзүүнү сунуш кылды.

Барак анклавы Кара-Суу районуна караштуу. Аталган айыл 5 чакырым ичкери Өзбекстандын аймагында жайгашкан.(ZKo)