Жаңылыктар АКШнын экономикасы кризистен кийин оңоло баштады 24-Сентябрь, 2009 АКШнын Борбордук банкы болгон Федералдык резерв системасы Американын экономикасы кризистен кийин оңоло баштаганын маалымдады. АКШнын Борбордук банкы мамлекет мурдагыдай көлөмдө кыймылсыз мүлк базарында карыздарды сатып албарын айтты.