Мургабдагы ат оюндары

Тажикстандын Мургабында 18-19-июлда ат чабыш болду. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Ат оюндары аймактын эгемен тарыхында, жыйырма жылдай убактан бери биринчи жолу өткөрүлдү. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Мургабдын шартында аттардын ден-соолугу, чыдамкайлуулу абдан маанилүү. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, 19July2009

Кыргыздар басымдуулук кылган бул аймакта азыр болгону жүзгө жетпеген ат бар - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Жергиликтүү эл өтө бийик тоолуу аймакка аттар чыдабай тез эле өлүп калгандыктан көп бакпай калышкан. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Фестиваль чынында эле жергиликтүү элге абдан жагып турду. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Мургабдагы фестивалда жалпысынан он алты ат чабылды. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Биринчи айлампадан кийин аттардын абалы текшерилип, экинчи турга кое берилди. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Фестивалда ошондой эле "Көк бөрү" “Тыйын эңмей”, “Кыз куумай оюндары” сыяктуу оюндар болду - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009

Аттардын биринчи келгени эмес, күүлүкпөй-чаалыкпай чуркаганы байге алды. - Tajikistan - Murgab, Gorno Badakhshan, Horse Festival 19July2009