Нурада үйлөрдүн курулушу 100% бүттү

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, былтыр жер тиртирөөдөн жабыр тарткан Нура айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн ачылышы 30-сентябрда премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусунда өтөт. Нура айылынын башчысы Мухамбет Болтонов 151 үй дээрлик курулуп бүткөнүн, 20-30 үй-бүлө көчүп киргенин, калгандары жакын арада жаңы конуштуу болушарын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нура айылында жаңы конуш менен катар табийгат кырсыгынан каза болгондорго орнотулган эстеликтин дагы ачылыш болот. (AJ)