Евробиримдик орус-грузин согушу жөнүндө отчетун жарыялады

Анда күнөө эки тарапка тең тагылган. “Грузия окту биринчи болуп аткан, а бирок Орусия көптөн бери Тбилисини ушундай кадамга түрткөн провокациялык аракеттерди жасап келди”, - деп айтылат Евробиримдиктин отчетунда. Грузияга карамагындагы Түштүк Осетия менен Абзахия республикалары былтыр августтагы беш күндүк согуштан кийин, өздөрүн көз-карандысыз деп жарыялап чыгышты. Орусия алардын эгемендигин тааныган.