Жогорку Кеңеш октябрда 40 мыйзам долбоорун карайт

Мындай чечимди парламент сессиясы бүгүнкү отурумда кабыл алды. Долбоорлордун катарында 2010-жыл үчүн республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдар үчүн божомол жөнүндөгү мыйзам долбоору бар.
Бул айдын күн тартибине мамлекеттик башкарууну реформалоого байланышкан мыйзам долбоорлору киргизилген жок. Президент Бакиев 1-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө реформага байланышкан бир катар Конституцияга өзгөртүүлөр баштаган бир катар мыйзам долбоорлору парламенттин кароосуна берилерин билдирген. Долбоорлор парламентке келип түшкөндүгү тууралуу маалыматтар таратыла элек. (BuS)