Обама: "Чикаго Олимпиада өткөрүүгө даяр"

АКШ президенти Барак Обама Чикаго шаары 2016-жылы Олимпиаданы кабыл алууга даяр жана ага абдан умтулат деп билдирди. Копенгагенде Эл аралык Олимпиада комитети алдында сүйлөгөн сөзүндө Обама дүйнөнүн булуң-бурчунан спортсмендер менен конокторду тосуп алуу чоң сыймык жана жоопкерчилик, Америка ага даяр деди. Ат салышууга Чикагодон тышкары Токио, Мадрид жана Рио-де-Жанейро катышууда. Олимпиада комитети бүгүн кечинде добуш бермекчи. Обама кайсы бир шаардын талапкерлегин колдоп, Эл аралык Олимпиада комитетине түз кайрылган алгачкы америкалык президент. Гавайиде туулган Обама үчүн Чикаго шаары кичи мекенине айланган. Президентке чейин анын жубайы Мишел Обама да сөз сүйлөдү. Копенгагенге ошондой эле Япониянын премьер-министри Юкио Хатояма, Испаниянын падышасы Хуан Карлос жана Бразилиянын мамлекет башчысы Луис Инасио Лула да Силва жөнөшкөн.