Премьер-министр Игорь Чудинов Бээжинге барат

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Игорь Чудинов Кытайдын борбор шаары Пекинде 14-октябрда өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын кезектеги саммитине катышмакчы.

Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун чакыруусу менен ШКУга кирген Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандын премьер-министрлери Бээжинде чогулушмакчы. Саммитке ошондой эле ШКУга байкоочу мамлекеттердин да өкүлдөрү катышмакчы. Тараптар жолугушуу учурунда эл аралык каржы кризисин тизгиндөө, экономикалык жана гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында сүйлөшүшмөкчү. (IJz)