Канат Сопиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда

Такталбаган маалыматтар боюнча Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиев Европа өлкөлөрүнүн бирине баш калкалап кеткен. Айыпталуучунун адвокаты Сартбай Жайчыбеков бул маалымат менен кабарсыз экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн шаршемби күнү ишти карап жаткан Балыкчы шаардык соту аны сотко келбей жатканы үчүн кайрадан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган эле.

Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көлдөгү координатору Канат Сопиев "баш-аламандык уюштурган", "Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген", "шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган" деген айыптар тагылып, 23-июлда Балыкчыда камакка алынган. Ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу Жогорку Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алган. Канат Сопиев тергөө убагында милиция тарабынан күч колдонулгандыгын, тергөө көрсөтмөлөрү таяктын күчү менен адилетсиз алынгандыгын сотто билдирген эле.(ZKo)