СДП Камбар-Ата-2 боюнча өкмөттү угууну каалайт

Бүгүн социал-демократиялык фракциянын жыйыны болуп, анда “Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготуу маселеси каралды. Бул тууралуу фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов билдирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумаматов фракция жыйынында мындай чечим Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу үчүн керектигин билдирген. Социал-демократтар өз кезегинде бул маселе боюнча өкмөттү угуу керектигин билдиришти. Алар эмне үчүн мамлекеттин эсебинен алынган насыяга дагы бир ортомчу туруп, андан кийин мамлекеттик долбоор каржыланыш керек деген маселени коюушууда.(AiT)