Венкатраман Рамакришнан, Томас Стейц жана Ада Йонат клеткадагы рибосоманын түзүлүшүн жана функциясын аныктаганы үчүн дүйнөлүк сыйлыкка татышты. Рибосома бардык тирүү организмдеги протейинди өндүргөн зат катары жашоо үчүн мааниси зор. 3 илимпоздун изилдөөсү жаңы антибиотиктерди табууга жол ачат.