Көп киреше берүүчү ишканалардын убактылуу токтоп тургандыгынан облустун экономикасы миллиондогон кирешеден кур калууда. Өткөн сегиз айда иштебеген ишканалардын катарында пахтаны, электр жана металлургиялык жабдууларды, азык-түлүк өнүмдөрүн кайра иштетүүчү заводдор, тоо-кен тармагы бар. Алардын иштебей калышына чет элдик инвестициялар менен камсыз болбогону, айланма каражаттардын тартыштыгы жана чийки өнүмдөрдүн жетишсиздиги себеп болду. Ири ишканалар деп таанылган Тогуз-Тородогу “Макмал” алтын кен комбинаты, Майлуу-Суудагы электр шамдарын чыгаруучу жана Жалал-Абат шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү кыргыз-канадалык заводдордо өсүү ыргагы кыйла төмөндөгөн. (YA)