Исламабадда кезектеги кол салуудан 9 киши өлдү

Пакистандын борбор шаары Исламабаддын жанындагы аскерий базага кол салуу болуп, бери дегенде 9 киши набыт кетти. Кабар агенттиктери Пакистан армиясынын маалымат катчысына шилтеме жасап билдиришкендей, кагылышууда 4 согушкер жана кеминде 4 жоокер окко учту. Ок атышуу болгон учурда ал жерде өтүп бараткан карапайым 1 адам каза болгону да кабарланууда. Алдыңкы күнү Пешавар шаарында ири жардыруу 50 чакты кишинин өмүрүн алып кеткен. Пакистан өкмөтү ушу тапта талип согушкерлери менен "ал-Кайидага" байланышкан башка топторго каршы операцияны күчөттү.