Түркия Арменияны Тоолуу-Карабактан кетүүгө чакырды

"Ошондо гана түрк парламенти ишембиде эки өлкө ортосунда чекараларын ачып, дипломатиялык мамилеге өтүү боюнча жетишилген келишимди жактырат", - деп айтты Түркиянын өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайып Эрдоган. Түркия Армения менен мамилени оңдоо боюнча келишимге кол коюшун Азербайжан катуу сындап чыккан. Түркия менен Армения дээрлик бир кылымдан бери касташып келишти.