Токтогул районунда жер көчкү жүрдү

Райондун Торкен айыл өкмөтүндө жер көчүп, Чоң-Дөбө айылына барчу ички чарбалык жолду бөгөп калды. Жер көчкүнүн көлөмү 45 миң чарчы метр, узундугу 300, бийиктиги 3, кеңдиги 6 метр. Кара- Жыгач айылындагы үч үй бүлөнүн сабиздери, картошкасы жана буудай эгини жер көчкү алдында калды. Бактыга жараша, жер көчкү эл конуштарынан алыс талаа жеринде болуп, өлүм-житим жок.( YA)