Казакстанда көз карандысыз журналисттер пикетке чыгышты

“Азаттыктын” Астанадагы кабарчысынын билдиргенине караганда, ушул жума күнү өкмөт үйү менен парламент имараты алдында өткөн пикетте көз карандысыз маалымат каражаттарынын журналисттери менен жетекчилери президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушууну талап кылышты. “Журналисттер коркунучта” деген кордун президенти Розлана Таукинанын айтымында, эми эки айдан кийин эле ЕККУ уюмундагы төргалык милдетине киришүүчү Казакстанда азыр көз карандысыз малымат каражаттарын кысымга алуу боюнча буга чейин болуп көрбөгөн ири өнөктүк башталды. Розлана Таукина кошумчалагандай, мурдараак журналисттер менен укук коргоочулар репрессияларды сүрөттөгөн кайрылууну президент Назарбаевге жолдогон, бирок жооп алынган эмес. Ушуга байланыштуу журналисттер менен укук коргоочулар “топтолгон көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн ыктымал жолдорун” талкулоо үчүн президент менен түз жолугушууну талап кылышууда.