Иран “жардыруу Пакистанда даярдалган” деди

Кечээ Ирандагы түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан аймагында жанкечтинин жардыруусунан 31 адам набыт болгон. Алардын ичинде Ирандын тандалма аскер бөлүгүнүн – Ислам революциясынын сакчылар корпусунун – жогорку даражалуу беш командачысы да бар эле. Жардырууну “Жундалла” же “Алланын аскерлери” деген террорчул топ жасаганын айтып чыкты. Расмий Тегеран теракт Пакистандын аймагынан Батыштын колдоосу менен жасалган” деп билдирүүдө.