М. Ниязов: Министрлер алмашуусунан натыйжа чыкпайт

Мындай оюн Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов "Азаттыкка" бүгүнкү жаңы дайындоолорго байланыштуу билдирди. “Мамлекет башында турган адам мамлекеттик кызматты толугу менен өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына бурган. Ошондуктан бүгүнкү кызматка келген адамдар ошол үй-бүлөнү колдош керек. Антпесе мамлекеттик кызматка батпайт”, - дейт М. Ниязов. Мындан сырткары ал реформа жасоодо өлкөдөгү кемчиликтерди көтөрүп, кыйынчылыктардан чыгуу жолун ачык көрсөтүш керектигин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы муну "чычкандын оюну" деп сындады. (КЕ)