Бириккен Элдик Кыймыл кайрылуу менен чыгат

Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, кайрылууда президенттик реформага, Камбар-Ата ГЭСтерине байланыштуу кабыл алынган чечимдерге, саясий куугунтуктарга байланыштуу оппозициянын пикирлери билдирилет. Белгилүү болгондой оппозиция Камбар-Ата ГЭСтери сатылбаш жана күрөөгө коюлбаш керектигин белгилеп келет.