Футбол: “Алай” 50 миң сомдук айыпка жыгылды

Футбол боюнча федерациядан “Азаттыкка” билдиргендей, кечээ Кант шаарында “Алай” командасы “Абдыш-Ата” командасы менен ойномок. Бирок “Алай” футболчулары Кыргызстандын чемпионатынын финалдык бөлүгүндөгү кезектеги оюнга келген жок. Буга байланыштуу Футбол федерациясынын тартип боюнча комитети “Алай” командасын “Абдыш-Атадан” 0:3 эсебинде утулду деп эсептеп, аларды 50 миң сом айып акыга жыкты.

30-октябрда “Алай” футболчулары “Дордой-Динамо” менен ойноп жатып чыккан чырдын айынан өз каалоолору менен футбол майданын таштап кетишкен эле. Бул үчүн да команда жеңилди деп эсептелип, аларга 30 миң сом айып акы илинген. (AzK)