Окумуштуулар экология маселелерин талкуулашат

Кыргыз улуттук илимдер академиясында эртең боло турган тегерек үстөлдө өсүмдүк, жаныбарлар жана жер кыртышынын бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү тууралуу маселе ортого салынат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” маалымдашканы боюнча иш-чаранын максаты жаратылыш маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.(ZKo)