Чочко тумоосун жуктургандардын саны 21ге жетти

КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун маалыматы боюнча 9-ноябрга карата коркунучтуу илдетке чалдыккан 22 киши катталды. Алардын экөө 2-ноябрда Москвадан келген оорулуулар менен байланышып, ошолордон жуктурган. Оорулуулардын бири Таш-Көмүр шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну. Алар жергиликтүү ооруканаларда тиешелүү дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат.

Бүгүнтөн тарта сырттан келген поезддерден чочко тумоосуна шектелген адамдар Панфилов райондук ооруканасына жаткырылат. Санитардык-эпидемиологиялык борбордон билдиришкендей бул иш-чара чочко тумоосунун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында уюштурулууда. Кайыңдыдагы райондук оорукананын бир бөлүгү атайын чочко тумоосуна шектелгендер үчүн бөлүнүп, ал жерге бардык тиешелүү медициналык каражаттар жеткирилген.(ZKo)