Берлин дубалы, 1961, (ZMa)

1961-жылы, 13-августта Батыш жана Чыгыш Берлин экиге ажыраган. Чыгыш Германиянын аскери маанилүү аймакта жайгаштырылды. - Бул сүрөттөр Стэнфорд университетинин алдындагы Гувер институтунун архивдеринен алынды.

Берлин дубалындагы Чыгыш Германиянын жол полициясынын убактылуу бекети. - 13-август түнү Чыгыш Германиянын коммунисттик бийлигинин лидери Валтер Улбрихт “фашизмден коргонуу” деп атаган дубалды орнотуу иштери башталган. Мунун алдында, 15-июнда Улбрихт “эч ким дубал орнотпойт” деп билдирген болчу.

Сүрөттө: Берлинди экиге бөлгөн убактылуу тосмонун бир бөлүгү. - Берлин экиге бөлүнгөн учурдун алгачкы апталарында Чыгыш Германиянын бийлиги темир тордон тосмо тургузуп, куралдуу күзөттү жайгаштырган. Ушундан көп өтпөй белгилүү Берлин дубалын орнотуу иштери башталган.

1961-жылдын 13-августунан тарта Чыгыш Германиянын аскерлери дүрмөттөлгөн унааларда көзөмөлдөө иштерин башташкан.

“Эркин Европа” үналгысынын Берлиндеги башчысы Уильям Марш Потсдамер аянтында полициянын кызматкери менен маектешүүдө. - Чыгыш Германиянын ишчилери Потсдамер Плац көчөсүн экиге бөлгөн дубалды орнотуп жатышат.

Жаңыдан гана тургузулган Берлин дубалынын бир көрүнүшү. - 1961-жылы, 19-августта Чыгыш Берлинден Батыш Берлинге өтүүгө аракет жасаган адам набыт болгон.

Жаңыдан гана тургузулган Берлин дубалынын бир көрүнүшү. - 1961-жылы, 24-августта 24 жаштагы Гюнтер Литфин Шпрее дарыясын сүзүүгө аракет жасаган маалда атып өлтүрүлгөн.

Берлин дубалынын бир бөлүгү. - 1962-жылы, 17-августта 18 жаштагы Питер Фехтер качууга аракет жасаганда жараат алып, көп өтпөй жан берген.

Браденбург дарбазаларынын жанындагы дубал. - 1987-жылы, 12-июнда дубалдын ушул тарабында АКШнын президенти Роналд Рейган “Горбачев мырза, ушул дубалды жок кылыңызчы” деген белгилүү сөздөрүн айткан.

Браденбург дарбазасы. 1961-жыл.