Сауд Арабстан коңшусу Йеменди бомбалоону улантарын эскертти

Сауд Арабстандын коргоо министрини орун басары Ханзаада Халед бин Султан бүгүн Йемен козголоңчулары эки өлкөнүн ортосундагы чек арада кала берип жатышканын билдирди. Шийиттердин Заиди козголоңчулары бир апта мурда Сауд Арабстанга кирип келгенде Сауди армиясы алар турган аймактарды катуу бомбалап баштаган. Козголоңчулардын ырастоосунда, чек арага жакын жердеги айылды бомбалоо учурунда эки аял өлүп, бир бала жараат алды. Анын аралыгында, Ирандын тышкы иштер министри Йемен козголоңчуларын Тегеран колдоп жатат деген айыптоону четке какты.