Аялдардын саясаттагы орду боюнча жыйын болот

Гендердик теңдикке арналган улуттук жыйын бүгүн-эртең Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы өкүлү Айдай Беделбаева билдирди. Анын маалымдашынча, иш-чаранын алкагында аялдардын саясаттагы жана мамлекеттик кызматтардагы орду, ролу боюнча талкуулар өтөт. Гендердик теңдик боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланат. (EBM)