Жалал-Абад: «Атамекенчилер» тоскоолдукка кабылды

Партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев уюмдун окууга келаткан мүчөлөрү кечээ төрт жолу токтотулганын билдирди. Жол коопсуздук кызматкерлери Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларынан чыккандардын автоунаасын тосуп, кайда жана эмне үчүн Жалал-Абад шаарына келаткандыгына кызыккан. Натыйжада алар жарым саат кечигишип, партиянын Базар-Коргон районундагы өкүлү окуу бүтөөрдө келген. 11- ноябрдагы окууга «Ата Мекен», СДП жана «Жаңы Кыргызстан» партияларынын мүчөлөрүн Эл аралык республикалык институт чакырган. Ал эми МАИ кызматкерлери болсо шек санаткан ар бир автоунаа токтотулаарын билдирди. (YA)