Орус президенти өлкөнү ар тараптан жаңылоо керек деп эсептейт

Дмитрий Медведев бул тууралуу бүгүн жылдык кайрылуусу учурунда айтты. Ал белгилегендей, Орусия улуу держава деген маккамына “ар тараптуу модернизациядан” өтүп аркылуу жетишүүсү керек. Орус президенти ошондой эле өз сөзүндө өлкөсү азыр да советтик доордун эскилиги жеткен өндүрүштүк базасына жана чийки заттардын экспортуна таянуу менен жашап жатканын сынга алды:

-Ата Мекендин кадыр баркы жана улуттук жыргалчылык такай эле өткөндүн жетишкендиктери менен аныктала албайт.

Кремлге чогулган жүздөгөн мыйзамгерлердин, кызмат адамдарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Дмитрий Медведев жаңы технологияларды жана ноу-хауну өнүктүрүүгө чакырды. Орус президентинин айтымында, Орусия “архаикалык” эмес акылдуу, эркин жана жоопкерчиликтүү адамдардын коомуна айланышы керек. Бирок муну менен катар орус президенти өлкөнү “демократиялык ураандар менен дестабилдештирүү аракеттерине” жол берилбесин эскертти. Бул Медведевдин президент катары элге жасаган экинчи кайрылуусу болду.