Парламенттин бүгүнкү жыйынында Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев электр энергиясына жана жылуулукка бааларды көтөрүү чечими боюнча өкмөт жооп бериши керектигин көтөрүп чыкты. “Тарифтердин көтөрүлүшү менен азык-түлүк жана башка товарлардын баасы да жогорулайт. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү депутаттарга эмнеге андай чечим кабыл алганын түшүндүрүп, ачыктап бериши керек”, - деди эл өкүлү. Кыргыз өкмөтү кечээки жыйынында эмдиги жылдан тарта электр кубатынын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун наркын 5-10 эсеге көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган болчу. (КЕ)