Сангтуда-1 ГЭСи Тажикстанда электр берүүнү токтоторун эскертти

Тажикстандын аймагындагы Орусия менчик кылган электрстанция тажик тарап карызын төлөбөсө, электр берүүнү токтотоорун эскертти. Сангтуда-1 ГЭСинин башчысы Рахметулла Алжанов Тажикстандын мамлекеттик электр станциясы 6,5 млн долларлык карызын жакын арада төлөбөсө, ушул айдын аягында ал карыз 10 млн долларга чаап барат деп билдирди.