“Белгисиз маршрут” Таллин фестивалына катышат

Кыргызстандык кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасы Таллин фестивалына катышуу укугуна ээ болду. Таллин фестивалы 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Эстонияда өтөт. Бул тууралуу “Тазар” кинотасмалар компаниясынан билдиришти. (BuS)