Ар бир үйгө эсептегич орнотулат

2010-жылдын акырына чейин турак үйлөргө эсептегичтер толук орнотулуп бүтөт. Бул тууралуу кечээ кечинде 5-канал уюштурган түз эфирде премьер-министр Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында жылуу суу, газ, жылуулук, электр кубаты үчүн кеткен чыгымдарды эсептөөчү аппараттар бекер орнотулат. Бул максатта өкмөт 4 млрд. сомдун тегерегинде кредит алууну болжоп жатат. (BuS)