К.Бакиев: "Мыйзам ар бир жаранга түшүнүктүү болууга тийиш"

“Азыр биздин алдыбызда кризистин кесепеттерин биротоло жоюп жана андан ары экономикалык өсүшкө кадам таштоо максаты турат. Бул үчүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин, жергиликтүү башкаруунун, жеке сектордун, жарандык коомдун институттарынын кудурет-күчүн бириктирүү зарыл”,-деди президент Курманбек Бакиев парламенттин мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине бирдиктүү концепциялык мамиле жасоо өтө маанилүү экендигин белгилеп, өз сунушун айтты.

Алар: Биринчи. Мыйзам чыгаруу иши системалуу болсун үчүн ар бир тармакта эң маанилүү, биринчи кезектеги мыйзам долбоорлорунун тизмеси аныкталууга тийиш. Аларды кабыл алуунун ырааты бул тармактарды жаңылоо этаптарына жараша аныкталып жана жарыша жасалганы абзел.

Экинчи. Иштелип жана кабыл алынып жаткан мыйзамдар турмушка жакын келип, мамлекеттин финансылык, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле алар кабыл алынгандан кийинки кесепеттери эске алынууга тийиш.

Үчүнчү. Ар бир мыйзам анын аткарылышын кепилдеген тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен бекемделүүгө тийиш. Мыйзамдын аткарылышы катаал көзөмөлгө алынуусу зарыл. Ошондо гана ал «иштейт». А чынында бул мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтин негизги милдети болуп саналат.

Төртүнчү. Мыйзамдар чиновниктер же эл аралык уюмдар үчүн эмес, карапайым адамдар үчүн жазылып жана ар бир жаранга түшүнүктүү болууга тийиш.

Башкысы - мыйзамдар конституциялык түзүлүштү сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле мамлекет менен бизнестин шериктештигин камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү үчүн укуктук өбөлгөлөрдү түзүүгө багытталышы керек. (AJ)