Жаңылыктар Кытайда көмүр кени жарылып, 31 адам набыт болду 21-Ноябрь, 2009 Дагы 82 адам жаракат алды. Жарылуу бүгүн түндүк Кытайдагы Хейлоңгуяң провинциясындагы шахтада болгон. Бийликтердин кабарына караганда, 390 дой адам өздөрүн куткара алышкан. Кытайдын көмүр шахталары дүйнөдөгү эң коркунучтуу кендерден деп эсептелинет.